Мектептеги тамактануу жөнүндө билүү керек нерселер.
Башталгыч мектеп курагындагы балдардын тамактануу ролу алардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Мектептеги тамактануу баланын өсүшүнө жана өнүгүшүнө таасир этүүчү негизги факторлордун бири. 7 жаштан 10 жашка чейин созулган кенже мектеп жашы балдарда психологиялык жана психикалык стресстин күчөшү менен мүнөздөлөт. Бул куракта дене активдүү өсөт, ошондуктан балдар өзгөчө тең салмактуу туура тамактанууга муктаж болот.


Башталгыч класстын окуучулары үчүн тамактануу үч маал - эртең мененки, түшкү жана кечки ысык тамактан турушу керек. Ысык тамак сиңирүү ширелеринин бөлүнүп чыгышына түрткү болуп, организмге жакшы сиңет жана токчулук сезимин берет. Мектепте ысык тамактын уюштурулушу балдардын окууда жетишкендиктерине таасирин тийгизет, алардын интеллектуалдык жана физикалык активдүүлүгүн жогорулатат, ооруну алдын алып, туура тамактануу адатын калыптандырууга өбөлгө түзөт. Мектепте тамактанууну туура уюштуруу төмөнкүлөрдү камтыйт: тамак даярдоонун илимий негизделген технологиясын колдонуу; баланын организминин керектөөлөрүн жана пайдалуу заттардын сиңимдүүлүгүн эске алуу менен аштизме түзүү; күнүмдүк калориянын 20-25% эсебинен мектеп аштизмесин түзүү. Бул куракта энергияны чыгымдоо күнүнө 2100 калорияны түзөт. Ашпозчулар ошондой эле туура тамактануунун негизги принциптерин карманып, балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген азык-түлүктөрдү жана тамактарды рациондон алып салышы керек.

Мектепте туура тамактанууну уюштуруунун негизги принциптери так сакталышы керек:
  • Адекваттуулук: окуучунун тамактануу рациону жана режими анын энергияны чыгымдоосуна туура келет;
  • Ар түрдүүлүк: негизги беш топтогу азык-түлүктөрдү колдонуу;
  • Коопсуздук: ашкананын абалына, алып келинген азык-түлүктүн ташып келүүсүнө, сакталышына, даярдалышына жана тамактарды таратууга карата болгон бардык санитардык талаптардын сакталуусу;
  • Үзгүлтүксүздүк: окуучу күнүнө 4 маал тамактанышы керек, алардын бири мектепте уюштурулушу зарыл, мисалы, экинчи эртең мененки тамак же түштөн кийинки ысык тамак менен камсыз кылуу;
  • Тамактануунун узактыгы 20-30 мүнөттү түзөт;
  • Ырахаттануу: туура берилген, кооз жана даамдуу даярдалган тамак менен камсыз кылуу.
Мектептеги тамактанууну уюштурууда бардык эрежелерди жана стандарттарды сактоо, биздин балдарыбыздын дени сак жана ийгиликтүү келечегинин кепилдиги болуп саналат.