Колду таза кармоо үчүн, колду жуу 5 критикалык кадам ыкмасын колдонуу менен ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алат жана оорулардын бири-бирине өтүшүнө тоскоолдук жаратат. Бул холера, курч ичеги инфекциялары, гепатит жана ар кандай уулануу, курч респиратордук вирустук инфекциялар, сасык тумоо, пневмониянын айрым түрлөрү, кулак инфекциялары, кургак учук, тери оорулары, көз оорулары сыяктуу жугуштуу оорулардын алдын алуунун эң оңой жана арзан жолу.
Колубузду жууш үчүн биз шарттарды түзүшүбүз керек - бул сөзсүз түрдө жылуу суу, самын (суюк) жана сүлгү. Эгерде сиз самындын катуу сортторун колдонуп жатсаңыз, самын идишин дайыма кургак кармоо маанилүү. Жуугандан кийин колду кургатуу абдан маанилүү, автоматтык кургаткычты колдонуу сунушталбайт.Сүлгү менен кургатуу керек, аны да мүмкүн болушунча тез-тез алмаштыруу керек! Ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн жеке сүлгү болушу керек.