МӨМӨ-ЖЕМИШ ДАРАКТАРЫН ЗЫЯНКЕЧТЕРДЕН ЖАНА ИЛДЕТТЕРДЕН КОРГОО
МӨМӨ-ЖЕМИШ ДАРАКТАРЫНЫН ИЛДЕТТЕРИ
Мөмө дарактарды (алма бак) ар кандай ооруга (козу карын, бактериалык жана вирустук) чалдыгышы мүмкүн жана керектүү заттардын жетишсиздигинен, ыңгайсыз температура, туура эмес сугарууда оорушу мүмкүн. Илдет дарактын бутактарынын, тамырларынын, мөмөлөрүнүн чирүүсүнө алып келет.
Аны менен бирге паразитардык бактериялар суукка туруктуу, дарактын өзүндө дагы, астына жерге да түшүп сакталат жана бир нече жылдан кийин дагы жугушу мүмкүн. Ошондуктан көп таралган ооруларды таанып, аны менен күрөшүүнү билүү зарыл.
ИЛДЕТТЕРДИН ТҮРЛӨРҮ: Котур (парша)
Эң көп кездешкен, алма бактарынын коркунучтуу оорусу - козу карын оорусу. Аталган илдет жалбырак, гүл, мөмөлөрдү жабыркатат. Оорунун козгогучу бактын кабыгында жана жерге түшкөн жалбыракта кыштайт. Оорунун өрчүшүнө жаз жана жайдын суук, жаанчылдыгы себеп болот.
Илдетке чалдыккан жалбыракта жана мөмөдө кара, күрөң, карала-көк тактар пайда болот. Оору өтө эле өтүшүп кетсе, жалбырагы кургап, түшө баштайт. Алма багынын мөмөлөрү кургайт, аларды жаракалар басып, мөмө эрте котурга чалдыккан болсо, күн тийбеген тарабы өспөй калат. Өрүк мөмөсүндө кал сыяктуу дефектер пайда болот. Жаш мөмөлөрдүн жабыркоосунда сабагы кармабай түшүп калышат. Жабыркаган дарактардын суукка чыдамдуулугу төмөндөп кетет.
Котурга каршы иш-чаралар жана чара көрүү мезгили
1. Бүчүр ачканга чейин: жерге түшкөн жалбырактарды чогултуп жок кылуу жана бакча топурагын 3 %дык көк таш аралашмасын бүчүр ачкандан кийин чачуу (10 л сууга 300 г көк таш) же Косайд 2000 фунгициди менен дарылоо (10 л сууга 60 гр порошогу).
2. Түйүлдүк байлагандан кийин: 1% (10 литрге 100 гр) көк таш аралашмасы чачылышы керек; мындан тышкары алма багын 1 %дык бордос суюктугу менен же Косайд 2000 фунгициди менен (10 л сууга 30 гр порошок өлчөмүндө) чачууга болот.
3. Гүлдөгүчө жана гүлү түшкөндөн кийин: бактарды 0,5 %дык жез хлорокись аралашмасын чачуу керек.
Көңүл бургула! Котурдун козгогуч козу карындары эски жалбырактарда жана мөмөлөрдө кыштайт, ошондуктан, эгер алма бактардын котур оорусуна чалдыккандыгына күмөн санап калсаңыз күзүндө бакчаңыздагы жерге түшкөн жалбырактарды жана мөмөлөрдү жок кылыңыз (оорунун анык белгиси жок болсо да) аларды компост үчүн да колдонууга болбойт. [1]
ИЛДЕТТЕРДИН ТҮРЛӨРҮ: Мөмө чириги (монилиоз)
Кеңири таралган козу карын ооруларынын бири. Аталган оорунун козгогучу жерге түшкөн мөмөлөрдө кыштайт. Жазында, ошол жерге түшүп калган мөмөлөрдө монилиоз кыштаган болсо, монилиоз козу карындары бар боз жаздыкчалар мөмөлөрдө пайда болот. Көбүнчө алма бактарындагы алмалардын монилиозго чалдыгышы зыянкечтердин себебинен, котур же механикалык (чымчыктар чокуп кеткен жерлер) жол менен болот. Ал эми мөмөлөрдүн баары мониолиз менен оорушу июль айынын ортолорунан, өзгөчө жогорку температура жана нымдуулукта байкалат. Ооруп жаткан алма багынын мөмөлөрүнүн тышын бара-бара акырындык менен боз тактар каптап, мөмөнүн өзү даамын жогото баштайт.
Чара көрүү (күрөшүү): майда, ооруга чалдыккан, чириген бактагы жана жерге түшкөн мөмөлөрдү терип жок кылуу; алма багы гүлдөрү менен 1 пайыздык бордос суюктугун чачуу (15 күн сайын 2-3 жолу кайталоо).
ИЛДЕТТЕРДИН ТҮРЛӨРҮ: Кара рак («антондун оту»).
Бул илдетке кабылган дарактар кара күйүк басып калгансыйт. Дал ушул себептен кара рак өзүнүн экинчи аталышын «антондун оту» деп алган. Кара рак биринчиден алма дарактарды оорутат (экинчи ирет – алмурутту оорутат), дарактардын бардык жери – жалбырак, гүл, кабыгы жана мөмөсү - ооруга чалдыгат. Эгер илдетти учурунда байкап чара көрбөсө, дарак бат күчүн жоготуп, куурап өлүп калат.
Эгерде илдет гүлдөп жаткан маалда жукса, анда гүлдөрү куурап баштайт, желекчелери бозорот, энелик, аталыктары карарып калат.
Жугуп баштаганда жалбырактарга кызарган тактар түшүп, чоңоюп диаметри 5-6 миллиметрге жетет, анан куурап түшө баштайт.
Алма багынын мөмөлөрүндө күрөң, туура тегерек тактар пайда болот. Таптакыр күрөң басып кеткен мөмөлөр чүрүшүп, чирип кетет жана майда-майда тактар пайда болуп калат. Бардык жалбырактар түшүп бүтсө дагы ал чүрүшүп, чирип кеткен майда майда тактар болуп калган кара, кээде көк, кургак алмалар ошол бойдон илинип кала берет.

Эгер сиз кыйыштырууда шаймандарды дезинфекциялабасаңыз, скелеттик бутактардын кабыгына жана бактын негизги бутагына (штамбына) жаракаттар аркылуу кирет. Ошондуктан аларды оорулардан сакташ үчүн, мөмө-жемиш бактарыңызга өтө эле кылдат мамиле кылуу керек. Кара рак оорусуна чалдыккан жер капкара болуп, көптөгөн майда кара быдырала басып калат, негизги бутак жарака болуп, ошол жерден дагы козу карын жана башка оорулардын пайда болуусуна жол түзөт. Эгер негизги бутак бул ооруга чалдыкса алма багы 2—3 жылда эле өлүп калышы мүмкүн. Ошондуктан, бакты илдеттен коргоо үчүн, кылдат мамиле кылуу зарыл.
Багбан, сак бол! Ар бир бутакты кескенден кийин же кыйыштыруудан кийин бак шаймандарын тазалап дезинфекция кылганды унутпагыла.

Көңүл бургула! Кара ракка алсыз, иммунитети төмөн болгон бактар чалдыгат, ошондуктан көчөттөрдү базардан сатып алуу сунуш кылынбайт. Райондошторулган сортторду сатып алыңыз (көчөт отургузуу тренингинде айтылгандай). Оорулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзбөңүз, таркашына бөгөт коюңуз, чоң бакчалар арасында белгилүү бир аралык же коргоочу токой көчөттөрү отургузулушу керек (терек, карагай же каражыгач).
Чара көрүү (күрөшүү): былтыркы жылдан калган майда оорулуу мөмөлөрдү, жалбырактарды терип жок кылуу; гүлдөрү менен 1 пайыздык бордос суюктугун чачуу (15 күн сайын 2-3 жолу кайталап чачуу).

Кара рак жана башка козу карын, бактериалдык оорулар менен күрөшүүнүн жолу болуп бул ооруларга туруктуу мөмө-жемиш бактарын көбөйтүү болуп саналат. Бакчаңыздагы бактарга көңүл буруңуз, эпидемия болгондо жок дегенде бир бак-дарак оорубаса, ал бак ооруларга туруктуу болушу ыктымал. Питомниктердин жардамы аркылуу ошол бактан жаңы, ооруларга туруктуу көчөттөрдү алуу мүмкүнчулугун колдонуу керек. Кара ракка аз чалдыккан алма түрлөрү (сорттору) Джонатан, Макентош, Пепин Шафранный, Боровинка болуп саналат.[1]

МААНИЛҮҮ: Алдын алуу иштерди бакчаңызда кошуна-колоңдор менен бирге, чогуу кылууңуз зарыл, анткени, козу карын оорулары шамал, жаан тамчылары жана курт-кумускалар аркылуу тарайт. [2]


МӨМӨ-ЖЕМИШ ДАРАКТАРЫН ЗЫЯНКЕЧТЕРИ
Мөмө багын, сапаттуу экологиялык таза түшүм алуу үчүн, зыянкечтерден кантип сактоо керек?
Мөмө багынын негизги зыянкечтери жөнүндө жана ден-соолугубузга, балдарыбыздын ден-соолугуна зыяны жок болушу үчүн мөмө-жемиш дарактарын зыянкечтерден сактоодо биологиялык, механикалык жана биохимиялык ыкмаларга көңүлүңүздөрдү бурабыз.

ЗЫЯНКЕЧ КУРТ-КУМУРСКАЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮ
Бакка зыян келтирүүчү курт-кумурскалар эки топко бөлүнөт: кемирүүчүлөр жана соруучулар.
Кемирүүчүлөр «катуу азык» менен тамактанат: жалбырак, мөмө, бүчүр, гүл, жаш өсүмдүктөр, кабык жана жаш тамыр менен. Кемирүүчүлөрдүн кээ бири:
Соруучулар «суюк азык» менен тамактанат – өсүмдүктөрдүн ткандардан ширесин сорот.
Соруучулардын кээ бири:

ЗЫЯНКЕЧТЕРГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮНҮН МЕХАНИКАЛЫК ЫКМАЛАРЫ

МААНИЛҮҮ! Бакты тазалагандан кийин, түшкөн жалбыракты, мөмөлөрдү, кургаган тазаланган бутактарды күйгүзүү же компосттоо керек. Компосттоону - бактан алысыраак жерде жүргүзүү зарыл, себеби жерге түшкөн мөмөлөрдө зыянкеч жана оорулар болушу мүмкүн.

ЗЫЯНКЕЧТЕРГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮНҮН БИОЛОГИЯЛЫК ЫКМАЛАРЫ
Бул ыкма - зыянкечтерди жок кылуучу пайдалуу курт-кумурскаларды колдонуу.
ПАЙДАЛУУ КУРТ-КУМУРСКАЛАР БАК ҮЧҮН
ЗЫЯНКЕЧТЕРГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮНҮН БИОХИМИЯЛЫК ЫКМАЛАРЫ
Зыякечтерге жана ооруларга каршы күрөшүүдө уулуу дары дармек колдонуу сунушталбайт, себеби алар сиздердин ден-соолугуңузга терс таасирин тийгизет.[1]

Кантип зыянкечтердин көбөйүшүнө тоскоол болгон шарттарды түзсөңүз болот:
Эске алуу маанилүү!
  1. Ар дайым күн ачыкта чачуу керек.
  2. Күндүн тик тийген нуру чыкканга чейин эртең менен жүргүзүлүшү керек, анткени дары-дармекти башка мезгилдерде колдонуу өсүмдүктөрдүн бузулушуна же өлүмүнө алып келиши мүмкүн.
  3. Зыянкечтерге каршы комплекстүү жана системалуу мамиле (эки жумада бир жолу).
4. Чачуудан мурун, дарактын бир бутагында сынактан өткөрсөңүз болот, ошондо дарактын дарылоо кандай таасир этерин текшере аласыз.