Туура тамактануу балдарыбыздын ден соолугунун чың болуусунда жана өсүүсүндө чоң роль ойнойт. Ар түрдүү тамак-аштын жеткиликтүүлүгү жана тандоо мүмкүнчүлүгү чексиз болгон азыркы учурда кичинекей бөбөктөрүбүз үчүн үйдө эле эмес, мектепте да оптималдуу туура тамактанууну аныктоо маанилүү.
If a building becomes architecture, then it is art
Балдарыңыздын туура тамактануусу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: БЕЛОКТОР Белок азыктары балдардын күнүмдүк рационуна киргизилиши зарыл. Алар булчуңдарды жана сөөктөрдү өстүрүү, ошондой эле иммунитетти сактоо үчүн керектүү зат болуп саналат. Балдардын белокко (протеинге) болгон муктаждыгы чоң кишилердикинен жогору. Күн сайын башталгыч мектеп жашындагы бала 65 г протеинди алышы керек, анын 30-35 г жаныбарлардан алынат. Мектеп жашындагы баланын рационунда белокторго бай тамактар: айран, быштак, сыр, балык, эт азыктары, жумуртка, буурчак өсүмдүктөрү болушу абзел.
МАЙЛАР Окуучунун күнүмдүк рационуна жетиштүү өлчөмдө май да киргизилиши керек. Алар организмди энергия менен камсыз кылып, витаминдерди сиңирүүгө жардам берет. Майлар жаныбардын майы жана өсүмдүк майы болуп бөлүнөт. Транс майлар өзүнчө топко бөлүнөт. Эфирдик майлар биз көнүп калган “майлуу” тамак-аштарда (май, каймак ж.б.) гана кездешпейт. Эт, сүт жана балык жашыруун майлардын булагы болуп саналат. Жаныбарлардын майларынан тышкары өсүмдүк майлары да бар: күн карама, пахта жана жаңгак, балык майы. Жаныбарлардын майлары өсүмдүк майларына караганда начар сиңирилет. Башталгыч класстын балдары үчүн жаныбарлардан жана өсүмдүктөн алынган майларды керектөөнүн нормасы 50:50 пропорциясында күнүнө 68 г. Мектеп жашындагы бала күн сайын сары май, өсүмдүк майы жана каймак менен азыктанышы керек.
УГЛЕВОДДОР Углеводдор баланын организминин энергия запастарын толтуруу үчүн зарыл. Окуучулардын рационундагы алардын саны белоктор менен майлардан 4 эсе көп болууга тийиш. Эң пайдалуусу сиңирилбеген диеталык клетчаткаларды камтыган жана гликемиялык индекси төмөн татаал углеводдор болуп саналат. Окуучунун рационундагы углеводдордун суткалык нормасы 300-400 г, анын ичинен жөнөкөй углеводдор 100 граммдан ашпоого тийиш. *Гликемикалык индекс - бул углеводдордун кандагы канттын деңгээлин жогорулатууга тийгизген таасирин чагылдырган углеводдорду классификациялоо системасы.
Кыргыз Республикасынын 7 жаштан 10 жашка чейинки балдардын энергияга жана азыкка болгон физиологиялык керектөөлөрүнүн ченемдери:
Туура тамактануунун табагы ½ табак жашылчалар, жемиштер ¼ табак белоктор ¼ табак дан азыктары
Углеводдун булактары: жашылчалар жана мөмөлөр, ошондой эле дан жана буурчак өсүмдүктөрү. Белоктор жана май булактары: эт, канаттуу эти, балык, деңиз азыктары, жумуртка жана быштак. 200-250 мл көлөмүндө суусундук: суу, компот берүү. Таттуу жана газдалган суусундуктардан баш тартуу сунушталат.
Витаминдер жана минералдар
Ар бир витамин жана минералдын өзүнүн функциясы бар жана бир витамин/минерал экинчисин алмаштыра албайт. Витаминдер жана минералдар организм тарабынан өндүрүлбөйт, ошондуктан, алар тамак-аштан алынат. Окуучунун диетасын түзүүдө, анын организмин керектүү витаминдер жана минералдар менен камсыз кылуу үчүн, бардык тамак-аш топторун киргизүү зарыл. Тең салмактуу тамактануунун рационун түзүү, байытылган азыктарды колдонуу, туура сактоо жана ашпозчунун тамак-ашты кайра иштетүүнүн жумшак ыкмаларын колдонуу окуучунун рационунда витаминдерди жана минералдарды сактоого жардам берет.
If a building becomes architecture, then it is art