МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана
балдардын тамактануусу» программасы
Кыргыз Республикасы (КР) 2021–2026-жж.
НОЯБРЬ 2023
КОНТЕКСТ
Мерсико 10 жылдан бери МакГоверн-Доулдун
«Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу»
программасын (АКШнын Айыл чарба
департаментинин (USDA) программасы) ишке ашырып
келе жатат. 2012-2023-жылдары Мерсико 767
мектептин башталгыч класстарын ысык тамак менен
камсыздандырганга көмөк көрсөттү.
Программанын алкагында Мерсико 2023-жылдын 11-
августундагы “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамы
алдындагы ысык тамак уюштуруу боюнча ченемдик
укуктук актыларын иштеп чыгууга колдоо көргөзөт.
Колдоо көргөзүүнүн максаттары:
1. Мектеп окуучуларынын сабаттуулугун
жогорулатуу
2. Башталгыч класстардын окуучуларынын жана
алардын жамааттарынын арасында ден соолук,
тамактануу жана мүнөздөп тамактануу боюнча
алдыңкы тажрыйбаларды колдонууну кеңейтүү
Мерсико Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана
илим министрлиги жана Саламаттык сактоо
министрлиги, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик
агенттиги менен кызматташуу боюнча меморандумдун
алкагында иш алып барат.
Мектептеги тамак-аш -
балдардын окуудагы
жогорку жетишкендигинин
жана бакубаттуулугунун
негизи.
2021-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилге МГД
программасынын алкагында, Мерсико жана
өнөктөштөр Research Triangle Institute (RTI), Borlaug
Institute:
● Биринчи жана экинчи когортанын 256 мектебине
ысык тамак менен камсыз кылууда мектептердин
тамактануу бөлүмдөрүн реабилитациялоо жана
ашкана жабдуулары менен камсыз кылуу аркылуу
колдоо көрсөтүлдү.
● Суу менен камсыздоону жана канализацияны
жакшыртуу боюнча 120 долбоор ишке ашырылды.
● USDAдан байытылган ун, өсүмдүк майы, буурчак,
жасмык, күрүч жана жергиликтүү өндүрүлгөн айран
берилди.
● 1000ден ашык коомдук активисттерге жана
медициналык кызматкерлерге санитария жана
гигиена темалары боюнча окуулар өткөрүлдү.
● 220 мектеп ашпозчусу кыска жана узак мөөнөттүү
программалар боюнча окутулду, форма жана
мектеп ашпозчусу колдонмолору менен камсыз
кылынды.
● Кыргызстанда биринчи жолу ашпозчуларды
даярдоо боюнча онлайн курс иштелип чыкты.
● 30дан ашык мектепте мектеп бакчасы
долбоорлору ишке ашырылды.
● Мектептерге жана коомдук китепканаларга 69
000ден ашык китеп белекке берилди.
● SabakApp тиркемесинин жардамы менен 300
мектеп директору насаатчылыкка үйрөтүлдү.
● Башталгыч класстардын окуучуларынын негизги
окуу көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн 500 мугалим
жана китепканачы окутулду.
2024-2026-ЖЫЛДАРГА ПЛАНДАР
Социалдык жана жүрүм-турум нормаларын
өзгөртүү стратегиясын ишке ашыруу.
● Социалдык жана жүрүм-турум нормаларын
өзгөртүү үчүн тиркемени иштеп чыгуу жана
жайылтуу.
● Мектептеги тамак-аштын туруктуулугу боюнча
изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялоо, анын
негизинде улуттук стратегия иштелип чыгат.
● «Жаш багбан» окуу модулун адаптациялоо жана
Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан
аккредитациялоо.
● Мектептердин ашканаларын реабилитациялоо,
ашкана жабдуулары жана тамак-аш менен камсыз
кылуу аркылуу үчүнчү когортадагы 160 мектепте
ысык тамакты ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүү.
● 100гө жакын айылдык медициналык
кызматкерлерди балдардын тамактануусу боюнча
окутуу.
● Суу менен камсыздоону жана канализацияны
жакшыртуу боюнча 170тен ашык долбоорду ишке
ашыруу.
● Мамлекеттик китепканаларга 100 000ден ашык
китептерди тартуулоо.
МЕРСИКО ЖӨНҮНДӨ
Мерсико – бул ар бир адамга гүлдөп-өсүүгө
мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн бүгүнкү күндөгү эң чоң
кризистерди чечүү максатында иштеген гуманитардык
адистердин глобалдык командасы. Биздин миссия:
адамдарга коопсуз, жемиштүү жана адилеттүү
жамааттарды түзүүгө жардам берүү аркылуу азап-
кайгыны, жакырчылыкты жана эзүүнү азайтуу. Дүйнө
жүзү боюча 40тан ашык өлкөдө биздин 5,400+
команда мүчөлөрүбүз жакырчылык, табигый
кырсыктар, зордук-зомбулук жана климаттын
өзгөрүшүнүн курч кесепеттери менен күрөшүп жаткан
адамдар менен жанаша иштешет.
БАЙЛАНЫШ
0312 98 67 01
info-kg@mercycorps.org